Жодотбек Ахмедович Байбосунов 1924-жылы 3-ноябрда Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында (Кемин районунун Чоң-Кемин сельсоветинин Жантай айылы) жарык дүйнөгө келген. Коллективдештирүү жылдарында, тактап айтканда 1931-жылы Жодотбектин ата-энеси (атасы Тойболотов Акмат, апасы Майчы кызы Гүлиша) кулакка тартылып, уулдары менен (Жодотбек жана улуу аталаш агалары – Байбосунов Кожогул жана Арун) Украин ССРине айдалган. Уулдары өздөрүнүн ата-тегин жашыруу үчүн, фамилияларын өзгөртүүгө мажбур болушкан.

Түшүндүрмө: Тойболотов фамилиясы Шабдан баатырдын атасы Жантайдан келип чыгат. Тойболот Жантай хандын неберелеринин бири болгон. Байбосунов – бул алыскы туугандарынын фамилиясы.

Ата-энеси кичүү иниси Самыйбекти, Кемин районунда жашаган, алыскы туугандары Дооронов Абдурахманга калтырышкан. Анткени, Украинага баратканда, эмчектеги балдарды паровоздун мешине ыргытат экен деген имишти угушкан. Кийинчерээк, кичүү иниси Самыйбек, Акматов фамилиясын алган.

Айдалып барган үй-бүлө, Украин ССРинин Николаев облусунун Скадов районуна отурукташкан. Ал жакка баргандан кийин, ата-энеси «Новый-Путь» колхозунда иштей баштаган. 1932-1933-жылдары үй-бүлө Украинадагы ачарчылыкты башынан өткөргөн.

Үй-бүлөлүк архивдеги фото: ата-энеси Тойболотов Акмат жана Майчы кызы Гүлиша

Улуу кызы Насип баяндагандай: «Атам, ал жана анын үй-бүлөсү кабылган Украинадагы ачарчылыкты айтып берчү. Ошол учурда ал 8-9 жаштарда экен. Анын айтымында, өзөктү үзө тарткан ачкачылыкка чыдабай, кан-какшап ыйлаган күнү өзгөчө эсинде калган. Ошондо улуу агаларынын бири Арун, атамдын курсагын тойгузуунун амалын издей баштайт. Ал короодогу быша элек өрүктөн үзүп келип, сууга кайната баштайт. Атам эскергендей, даамы уудай болуп, ичкенге же жегенге тап-такыр мүмкүн эмес эле. Кийин Арун кайдан-жайдан сүт таап келип, колхоздун талаасынан бираз картөшкө казып келип, кичинекей атамдын курсагын тойгузуптур. Атам Украинадагы ачарчылык жылдарын көп эскерер эле. Жашыл өрүктүн кермек даамын атам өмүр бою эсинен чыгарган жок».

Үй-бүлөлүк архив: Ж.Байбосуновдун кол жазмаларынын көчүрмөсү

«Атамдын айтымына караганда, Украинада Асанкан Жумахматовдун (атактуу кыргыз дирижеру) үй-бүлөсү менен бир жерде жашашкан. Алар Украинада бир мектепке барышкан. Мектептин иш-чараларында Асанкан Жумахматов мандолинада ойноп, “Каховка, Каховка, родная винтовка” ырын аткарганын айтар эле. Ошол эле учурда, Магрифа Рахимовна Рахимованын (И.Арабаев атындагы КМПУнун профессору, педагогика илимдеринин доктору) үй-бүлөсү дагы Украинага айдалган. Алар бир мектепте окуганын Магриба Рахимовна айтып берген. Магрифа Рахимовна белгилегендей, атам мектепте жакшы окуп, бала кезинен эле тың болчу» — дейт улуу кызы Насип.

Үй-бүлөлүк архив: Украин ССРинин Николаевск облусунун Скадовский районунун НКВД органдары берген маалымкаттын көчүрмөсү

1938-жылы Жодотбек Байбосунов Кыргыз ССРине кайтып келет. Улуу Ата Мекендик согуш башталардын алдында, өкмөттүн уруксаты менен Тойболотов Акмат жана Майчы кызы Гүлиша мекенине келген. Алар өздөрүнүн эмгек ишмердүүлүгүн Фрунзе облусунун Быстров районундагы Жаңы-Алыш сельсоветинин «Кызыл-Туу» колхозунда башташкан.

1936-жылы же 1937-жылы Кожогул жана Арун Байбосуновдор, Украин ССРинин НКВДсы тарабынан камакка алынган. Алар кармалган күндөн тартып, туугандары алар жөнүндө эч кандай маалымат алышкан эмес. Сатаркул Жангарачев башчылык кылган контрреволюциялык уюмду түзүүгө катышкандыгы үчүн 1938-жылы Кожогул атууга өкүм кылынып, ал эми Арун 10 жылга эркинен ажыратылып, түзөтүү-түрмө лагерине жиберилген. Кожогул Украинада атылса (жылы?), Арун 10 жылга соттолгон.

1939-жылы Жодотбек Байбосунов мекенине, Кыргызстанга кайтып келген. 1941-жылы Жодотбек, Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш орто мектебин аяктаган. Мектепти аяктагандан кийин, 17 жашынан Кызыл-Суу Сельпосунун эсепчиси, кийинчерээк Кемин районунун эсепчиси болуп иштеген. 1942-жылдын августунда аскерге чакырылып, Жумушчу-дыйкан Кызыл армиянын (РККА) катарына кабыл алынган. 1942-жылдын ноябрында Жодотбек Фрунзе жөө аскерлер училищесин бүтүрүп, фронтко жөнөтүлгөн. Ал Закавказье фронтунун башкы Кавказ тоо кыркасын коргоо боюнча согуштарга катышкан. 1943-жылдын мартына чейин кармаштарга катышып, андан кийин Сухуми шаарында кайра түзүлүп жаткан бригаданы толуктоо үчүн жиберилген. Ушул эле жылы, 19 жашында Большевиктердин бүткүл союздук коммунисттик партиясынын (ВКП(б)) мүчөлүгүнө кабыл алынып, өзүнүн ата-тегин жашырып койгон. Советтик армияда, ал офицердик курамдын ар кыл кызматтарында кызмат өтөгөн. Ал чалгынчылар взводунун командири, чалгындоо боюнча штабдын начальнигинин жардамчысы, 471- Чалгынчылардын өз алдынча моторлоштурулган ротасынын командиринин орун басары, дивизиянын чалгындоо бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы сыяктуу кызматтарды аркалаган. 1947-жылы Байбосунов лейтенант аскер чини менен демобилизацияланган.

Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт:
Ж.Байбосунов советтик армиянын катарында (1942-1947 – жылдар)

Ушул эле жылы (1947), ал Фрунзе юридикалык мектебинин эки жылдык мектебине тапшырат. Окуп жаткан мезгилдеги окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн, Юридикалык мектептин алгачкы партиялык уюмунун катчысынын орун басары болуп шайланат. Аны менен бирге, эки партиялык конференциянын (райондук жана шаардык) делегаты болгон. 1948-жылы юридикалык мектепти артыкчылык менен аяктап, анын талапкерлигин, Фрунзе шаарынын Биринчи Май районунун 2- шайлоо округу боюнча элдик сот кызматына көрсөтүшөт. Бирок, аны дайындоо жөнүндө радиодон жарыялангандан кийин, кимдир-бирөө арыз жазып, анын ата-теги манаптар болгондугун, үй-бүлөсү жумушчу дыйкандардан эместигин билдирген. 1949-жылы 12-майда Фрунзе коммунисттик партиясынын кадрлар бөлүмүнүн бюросунун чечими менен катуу сөгүш берилип, каттоо баракчасына түшүрүлгөн. Ал кызматынан, юридикалык мектептин дипломунан кол жууп, партиянын катарынан чыгарылган.

Үй-бүлөлүк архив: Фрунзе юридикалык мектеби тарабынан берилген мактоо баракчасынын көчүрмөсү. Диплому жок, анткени диплому артка кайтарылган
Үй-бүлөлүк архив: Фрунзе юридикалык мектеби тарабынан берилген мүнөздөмөнүн көчүрмөсү

1948-жылы Жодотбек Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетине тапшырат. 1949-жылы окууну экстерн менен аяктайт. Окуусун аяктагандан кийин, Фрунзе облустук элдик билим берүү бөлүмүнүн (облОНО) мектеп инспектору кызматына киришет.

Кичүү иниси Самыйбектин айтымында, окуп баштагандан тартып, аны Кыргыз ССРинин НКВДсына (имарат Дзержинский көчөсүндө жайгашкан) суракка чакырып башташкан. Чыкыйына тапанча такап, башкаларга чагым кылууну талап кылышкан. Ошол мезгилде, ал эл душманынын баласы катары белгилүү болчу. Ар жолу суракка кирип бара жатканда, инисине 2 сааттын аралыгында чыкпаса, аны күтпөй үйгө кете берүүсүн кайталап айтчу. Самыйбек Дзержинский проспектисиндеги имараттын жанында байкесин күтүп отурчу.

Үй-бүлөлүк архив: Ж.Байбосуновдун кол жазмаларынын көчүрмөсү

Жодотбектин табылган каттарында, ал 1950-жылдан аны Фрунзе облусунун Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин (МГБ) облустук башкармалыгына күндүз (түнкүсүн дагы жана жумуш убагында дагы) байма-бай чакырып, бир нече айдан кийин андан кызматташуу милдеттемесине кол коюп берүүнү талап кылышкандыгын белгилейт. Ал башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, өзүнүн ата-тегине жана улуу агалары Кожогул жана Арун Байбосуновдорго байланыштуу, кысымга, опузалоого жана коркутууларга дуушар болгон. Узакка созулган сурактардан кийин, 1952-жылы ал КПССтин катарынан чыгарылып, юридикалык мектептин дипломунан жана Фрунзе шаарынын Биринчи Май районунун 2- шайлоо округу боюнча элдик сот кызматынан ажыратылат.

Ал партиялуулугун калыбына келтирүүгө далалат кылып, Сталинге кат жазат. 1954-жылы анын партиялуулугу калыбына келтирилген.

Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун аяктагандан кийин, ал Кемин районундагы Таар-Суу айылына тарых мугалими катары жиберилген. 1954-жылдан өмүрүнүн акырына чейин, Кемин районундагы Быстровка шаар тибиндеги поселогунда эмгектенген. Ал тарых мугалими, Кемин районунун элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору кызматтарын аркалаган. Ата-тегине байланыштуу, аны жетектөөчү кызматтарга дайындашкан эмес. Бирок, ал Кемин райондук КПСС партиясынын райкомунун биринчи катчысынын жана жергиликтүү жетекчилердин докладдарын даярдаган. Мындан тышкары, ага кайрылгандарга юридикалык консультацияларды (кассациялык даттанууларды даярдоо) берген. Ал жада калса, соттун актоочу чечимдерин кабыл алдырууга жетишкен.

Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт: Ж.Байбосунов Кемин райондук элге билим
берүү бөлүмүндө иштеген жылдарда
Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт:
Ж.Байбосунов кесиптештери менен (өмүрүнүн акыркы жылдары)

Жодотбек 1969-жылы 21-июнда дүйнөдөн кайткан. Сөөгү ата-энесинин жанына, Кемин районунун Жаңы-Алыш айылына коюлган.

Жеке жашоосу

Жодотбек Байбосунов 1947-жылы, Шабдан баатырдын баласы Кемел Шабдановдун кызы Саадат Камаловага үйлөнгөн. Анын ата-энеси 1925-жылы Уралга (Оренбург облусу) айдалган. 1926-жылы Саадат ошол жерде төрөлгөн. 1933-жылы ал ата-энеси менен мекенине, Балыкчы шаарына кайтып келген.

Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт:
Саадат Камалова атасы Кемел Шабданов (солдо) жана энеси Батыйна (паспорт боюнча Фатима) Мамбеталиева менен / Болжолдуу Оренбург облусунда (1927-28 – жылдар)

Жодотбек Байбосунов менен Саадат Камалова 5 балалуу болушкан. Ал Кемин райондук элге билим берүү бөлүмүндө, бухгалтер болуп эмгектенген. 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.

Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт:
Саадат Камалова балдары менен

Кичүү иниси Самыйбек Акматовдун тагдыры да трагедиялуу. Узак убакыт куугунтуктоо, ата-энесинен жана бир туугандарынан алыста чоңоюу, жакындарын жоготуу, анын ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Университеттин үчүнчү курсунда окуп жатканда, кокустан болгон кырсыктын натыйжасында, Самыйбектин психологиялык саламаттыгында көйгөйлөр башталган. Анын үй-бүлөсү жана балдары болгон эмес. Узакка созулган оорудан кийин, Акматов 1999-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү Быстровка шаар тибиндеги поселогуна, Саадат Камалованын жанына коюлган.

Насип БАЙБОСУНОВА
Даярдаган: Алагоз кызы Гулзат